Кыргыз Республикасы жана БУУ

          Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөлүгүнө 1992-жылдын 2 мартында кабыл алынган. Ушул күнү БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 46/225 резолюциясы кабыл алынып, анда Кыргыз Республикасын БУУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуу токтому бекитилген.
         Кыргыз Республикасы БУУун беделдүү жана универсалдуу эл аралык уюм катары эсептейт. БУУ тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоодо, улуттар арасындагы достук мамилелерди өнүктүрүүдө, өнүгүү маселелерди чечүүдөгү кызматташтыкты ишке ашырууда, кедейчиликтин көлөмүн кыскартуу маселелеринде, адамдын укугун сактоого көмөк кылууда, жаратылыш чөйрөсүн сактоодо, оорулар жана адамзатты тынчсыздандырган коркунучтарга каршы күрөшүүдөгү көптөгөн башка-көйгөйлөрдү чечүүчү борбор болуп эсептелет.
Кыргыз Республика менен БУУнун ортосундагы өз-ара иш-аракеттери өлкөбүздүн кызыкчылыктарына жооп бере турган жана өлкөбүз үчүн чоң мааниге ээ болгон тышкы саясат багыттарынын таасири астында жүргүзүлөт, тактап айтканда, тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү боюнча резолюциялардын жоболорун ишке ашыруу, кедей тоолук өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, "жашыл" өнүгүүсү, социалдык-экономикалык маселелер, Миң жылдык өнүгүү максаттарына жетүү, 2015-жылдан кийинки туруктуу өнүгүү максаттарын иштеп чыгуу, терроризм жана бангизатнаркотрафик менен күрөшүү, коопсуздук маселелер, адамдын укугун коргоо жана сыйлоо, суу-энергетикалык маселелер, урандын калдык сактагычтары жайгашкан жерлерди калыбына келтирүү сыяктуу маселелер.
          КРнын БУУуна мүчө болуп киргенден баштап, азыркы учурга чейинки эң маанилүү окуялар жана иш-чаралар - Кыргыз тарабынын демилгесинин негизинде БУУнун Генералдык Ассамблеясы кабыл алган "Кыргыздын улуттук "Манас" эпосунун миң жылдыгын майрамдоо, 1995-ж.", "Эл аралык Тоолор Жылы, 2002-ж. (53чү сессия)", "Эл аралык Тоолор Жылына карата даярдыктын жүрүшү (55-сессия)", "Тоолуу аймактардагы туруктуу өнүгүү" (58-сессия), "Кедей тоолук өлкөлөргө социалдык-экономикалык жана экологиялык жактан тоскоолдуктарды жеңип чыгууга көмөк көрсөтүү" (59-сессия), "Туруктуу тоолук өнүгүү" (60-сессия, 62-сессия, 64-сессия, 66-сессия), "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Жылын майрамдоо" (57-сессия), "Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнү" (62-сессия), "Борбордук Азияны радияциялык коркунучтан алдын ала сактап калуудагы эл аралык коомчулуктун мааниси" (68-я сессия) жана башка бир катар, "Борбордук Азияны ядролук куралдан эркин зона катары эсептөө" сыяктуу резолюциялар (ядролук куралсыз зона тууралуу акыркы резолюция 67-сессияда кабыл алынган).

          Көз каранды эместик жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасында БУУнун системасындагы уюмдардын жана программалардын ичинен өзүнүн өкүлчүлүктөрүн төмөндөгүдөй эл аралык мекемелер ачып, иштеп атышат: БУУнун өнүгүү программасы (ПРООН), БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ), БУУнун калк боюнча фонду (ЮНФПА), БУУнун аялдардын өнүгүү фондусу (ЮНИФЕМ), "БУУ-Аялдар" Түзүмү, БУУнун качкындар маселелери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (УВКБ), БУУнун бангитрафигин жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгы (ЮНОДК) ж.б.
КРсы БУУнун тынчтык орнотуу иш-аракетине да өзүнүн салымын кошуп келет. Бүгүнкү күндө кыргызстандык 36 тынчтык орнотуучулар аскердик байкоочулар жана жарандык полициячылар катары БУУнун Либериядагы, Судандагы, Дарфурдагы, Абьедеги жана Гаитидеги миссиялараында кызмат өтөп атышат.
          Кыргыз Республикасы, БУУнун иш-аракетинде өзүнүн активдүү ролун ойноого умтулуу менен, БУУнун ар кандай шайлануучу органдарына жана атайын мекемелеринин жетекчилик түзүмдөрүнө шайланып келген, анын ичинде, БУУнун Генералдык Ассамблеясынын Генералдык Комитети, БУУнун адамдын укуктары боюнча Кеңеши, БУУнун айлана-чөйрө боюнча башкаруучулар Кеңешинин программасы (ЮНЕП), Конференциялар боюнча Комитети, БУУнун өнүгүү программасы жана БУУнун калк боюнча фондусунун аткаруучу Комитети (ПРООН/ЮНФПА), Бангизат боюнча Комиссиясы, Туруктуу өнүгүү боюнча Комиссиясы; Бейөкмөт уюмдары боюнча Комитети; Кылмыштуулукту алдын ала эскертүү жана кылмыштуулук боюнча сот адилеттиги боюнча Комиссиясы, Аялдардын абалы боюнча Комиссиясы, Эл аралык телекоммуникациялык биридиги.


Азыркы учурда Кыргыз Республикасы төмөндөгү түзүмдөрдүн мүчөсү болу эсептелет:
1. Экономикалык жана Социалдык Кеңештин мүчөсү (ЭКОСОС);
2. ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданияттык мурасты коргоо боюнча Өкмөт аралык Комитетинин мүчөсү;
3. Каттоонун жана отчеттуулуктун эл аралык стандартташтыруусу боюнча Өкмөт аралык эксперттик топтун мүчөсү;
4. Эл аралык радиобайланыш бирдигинин Радиорегламентардык комитетинин мүчөсү.
2012-жылдын 29 майында Кыргыз Республикасынын талапкерлиги БУУнун бангизат каражаттарына көзөмөл жүргүзүү Комиссиясына 2016-2019 жылдык мөөнөтүнө карата көрсөтүлдү. Шайлоолор 2015-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясында өтмөкчү.
2013-жылдын 2 апрелинде Кыргыз Республикасынын талапкерлиги БУУнун адамдык укуктарды коргоо Кеңешине 2016-2018 жылдык мөөнөтүнө карата көрсөтүлдү. Шайлоолор 2015-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясында өтмөкчү.