Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы

 

 

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2019-жылдын 11-мартындагы
ПЖ № 37 Жарлыгына)

Тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын
КОНЦЕПЦИЯСЫ

1. Киришүү

Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү негиз болуучу саясий документ болуп эсептелет, ал мамлекеттин тышкы саясий ишинин мазмуну, принциптери жана негизги багыттары тууралуу көз караштардын системасын өзүнө камтыйт, анын негизги артыкчылыктарын аныктайт.

Тышкы саясаттын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.

Жаңы Концепцияны кабыл алуу эл аралык жана интеграциялык тенденциялардын динамикасы, глобалдаштыруу процесстери, коопсуздук чөйрөсүндөгү абалдын өзгөрүүсү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө менен шартталат.

Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүгө жана социалдык багыттагы рыноктук экономикасы, парламенттик демократиясы бар укуктук мамлекетти курууга, эл аралык укуктун жана тең укуктуу кызматташтыктын жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин сыйлоого умтулат.

Кыргыз Республикасынын Европа менен Азиянын ортосун байланыштырып турган жана илгертеден Улуу Жибек жолунун чыйырлары өткөн Борбордук Азияда жайгашуусу транспорттук жана маалыматтык коммуникацияларды, логистиканы, сооданы, инвестициялык потенциалды, туризмди, маданий көп түрдүүлүктү, билим берүүнү, илимий прогрессти жана башка багыттарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Ошол эле учурда Кыргызстандын татаал тоолуу рельефи жана деңизге чыгуу жолунун жоктугу эл аралык коомчулук менен кызматташуунун бардык комплексин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди, эл аралык транспорттук байланыштарды диверсификациялоо жана санариптүү экономиканы өнүктүрүүнү кеңейтүү зарылдыгын шарттайт.

Дүйнөдөгү чыңалуунун өсүүсү, эл аралык терроризмдин жана экстремизмдин масштабдарынын түрдүү көрүнүштөрүндө кеңейиши, трансчек аралык кылмыштуулук, баңги заттарды жана куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү, адам сатуу, Кыргыз Республикасынын чек арасына жана Борбордук Азия мамлекеттеринин сырткы чек араларына жакын аймактарда жаңжалдардын пайда болуу жана күчөө коркунучу жигердүү тышкы саясатты жүргүзүүнү жана алдын алуу чараларын көрүүнү талап кылат.

Дүйнөдөгү окуялар эч бир мамлекет учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга өз күчү менен натыйжалуу каршы тура албастыгын айгинелеп турат. Өлкөдө жана региондо коопсуздукту камсыздоо бардык кызыкдар мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен тыгыз координациянын, кызматташуунун жана маалымат алмашуунун зарылдыгын аныктайт.

Коопсуздук чөйрөсүндөгү, анын ичинде финансылык-экономикалык, азык-түлүк, суу-энергетикалык, маалыматтык, экологиялык чакырыктар, ошондой эле миграция көйгөйлөрү Кыргыз Республикасынан улуттук деңгээлде дагы, эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташтыкты илгерилетүү жолу аркылуу дагы тиешелүү натыйжалуу чараларды көрүүнү талап кылат.

Кыргыз Республикасы өзүнүн тышкы саясий багытын өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын жетекчиликке алып, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын камсыздоо жана коргоо үчүн эл аралык абалды, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү жана тенденцияларды талдоонун жана болжолдоонун негизинде түзөт.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты мамлекетти туруктуу өнүктүрүүгө, элдин бакубаттуулугун андан ары өстүрүүгө, улуттук жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөгө, чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, эл аралык коомчулукта өлкөнүн оң имиджин бекемдөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана сактоого багытталат.

Ушул Концепция тышкы саясий ишмердүүлүктүн артыкчылыктары үчүн негиз болгон Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын принциптерин, улуттук кызыкчылыктарын, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясий багытын түзүүнүн жана ишке ашыруунун маселелерин аныктайт.

2. Тышкы саясаттын принциптери

Кыргыз Республикасы прагматикалуу, тең салмактуу, ачык, көп вектордуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзөт.

Прагматикалуу тышкы саясат, мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүү үчүн жагымдуу тышкы шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасы улуттук кызыкчылыктарды эске алып, тышкы өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө жөндүү тең салмактуулукту карманат жана өнүгүүгө болгон өзүнүн ажырагыс укугун ырааттуу ишке ашырат.

Ачык көп вектордуу тышкы саясатты жүргүзүү менен Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө-мамлекеттери жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну ыктыярдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызыкчылыктарды өз ара урматтоонун негизинде өнүктүрөт.

Ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүү менен, Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун бардык субъекттеринин өздөрүнө алынган милдеттенмелерин ак ниеттүү аткаруусун жактайт.

Эл аралык кызматташуу Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык документтерде бекитилген эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, анын ичинде мамлекеттердин эгемендүү теңдигинин, күчтү жана күч менен коркутууну колдонбоонун, ички иштерге кийлигишпөөнүн, аймактык бүтүндүктү урматтоонун жана эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык каражаттар аркылуу чечүүнүн негизинде ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасы, Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө-мамлекеттери үчүн эл аралык саясат, коопсуздук, экономика, соода чөйрөлөрүндө жана башка багыттар боюнча тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо, көп уюлдуулук принциптерине таянып, эл аралык кызматташтыкты күчөтүүнү жактайт.

3. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктары

Кыргыз Республикасы тышкы саясатта улуттук коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде камтылган, мамлекеттин ички жана тышкы муктаждыктарынын жыйындысын түзгөн өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жетекчиликке алат.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясаттагы негизги улуттук кызыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:

- өлкөнүн көз карандысыздыгын, мамлекеттик эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо;

- Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо;

- парламенттик демократиясы бар укуктук мамлекетти куруу;

- Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдигин сактоо;

- улуттук жана экономикалык коопсуздукту бекемдөө;

- финансылык-экономикалык, азык-түлүк, суу-энергетикалык, экологиялык, маалыматтык жана башка чөйрөлөрдө коопсуздукту камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана элинин бакубаттуулугунун өсүүсүн илгерилетүү;

- чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

- кыргыз элинин руханиятын жана маданиятын байытуу;

- Кыргызстандын көп улуттуу элинин сабырдуулукка, эркиндикти сүйүүгө жана ачыктыкка негизделген тарыхый, маданий баалуулуктарын жана салттарын сактоо жана өнүктүрүү.

4. Тышкы саясаттын артыкчылыктары

Улуттук кызыкчылыктарды камсыздоо, илгерилетүү жана коргоо максатында Кыргыз Республикасы төмөндөгү тышкы саясий артыкчылыктарды белгилейт:

Саясий чөйрөдө:

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн эл аралык кызматташтыктын механизмдерин жакшыртуу жолу аркылуу саясий-дипломатиялык каражаттар менен камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын толук юридикалык тариздөө, чек арага жакын чөлкөмдөрдө чектеш өлкөлөр менен ишеним чараларын түзүү жана бекемдөө;

- эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү, чек аралардын бузулбастыгын, тең укуктуулукту жана жалпы коопсуздукту өз ара урматтоо принциптеринин негизинде достук чөйрөнү түзүү жана Борбордук Азия регионундагы мамлекеттер менен ынак коңшулукту бекемдөө;

- союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара мамилелерди, ошондой эле глобалдык, региондук уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана тереңдетүү;

- жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өнүктүрүү.

Улуттук жана региондук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында чара көрүү, Кыргыз Республикасынан жигердүү тышкы саясатты жүргүзүүсүн жана глобалдык жана региондук деңгээлдерде, анын ичинде жамааттык коопсуздуктун алкагында эл аралык өнөктөштөр менен күч-аракеттерди бириктирүүсүн талап кылат.

Азыркы дүйнөдө глобалдаштыруу шарттарында Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк жана региондук державалар, бирикмелер жана эл аралык аренадагы жигердүү катышуучулар менен тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгү жогорулап жатат. Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты эл аралык саясаттын негизги борборлору менен өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарды урматтоо принциптеринин негизинде кеңири, көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга жана дүйнөлүк экономиканын жетишкендиктерин жана ресурстарын максималдуу пайдаланууга багытталат.

Адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого, демократиялык коомду курууга жана парламентаризмди өнүктүрүүгө болгон өзүнүн умтулуусун ырастап, Кыргыз Республикасы эл аралык кызматташууну илгерилетет жана жалпы демократиялык баалуулуктарга ортоктош болгон өлкөлөр менен тажрыйба алмашууну ишке ашырат.

Глобалдуу универсалдуу жалгыз уюм катары Бириккен Улуттар Уюму тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту камсыздоодо негизги ролду ойнойт. Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирүүчү ролун күчөтүү жана анын ишин азыркы реалдуулукка ыңгайлаштыруу максатында Кыргыз Республикасы дүйнө мамлекеттеринин орчундуу көпчүлүгүнүн кызыкчылыктарын эске алуучу жана универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географиялык өкүлчүлүк принциптерине негизделүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү жактайт.

Улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү, улуттук жана региондук коопсуздукту камсыздоого жана социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун, Евразия экономикалык бирлигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Шанхай Кызматташтык Уюмунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин, Экономикалык кызматташтык уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жигердүү өз ара аракеттенет.

Кыргыз Республикасы тынчтык, коопсуздук, гуманитардык диалог маселелери жана эл аралык башка актуалдуу көйгөйлөр боюнча демилгелерди жигердүү илгерилетет, ошондой эле тынчтык орнотуучу аянтчаларды сунуштайт.

Тышкы саясаттын эң маанилүү багыты болуп чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун эске алуу менен натыйжалуу миграциялык саясатты жүргүзүү саналат.

Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алып, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдарынын жана чет өлкөлөрдөгү башка институттардын географиясы кеңейтилет.

Финансылык-экономикалык жана экологиялык чөйрөлөрдө

Улуттук кызыкчылыктарды эске алып, Кыргыз Республикасы өлкөнү туруктуу өнүктүрүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында региондук жана эл аралык экономикалык интеграциянын стратегиялык багытын көздөйт.

Кыргыз Республикасы белгилүү бир багыттар боюнча стратегиялык милдеттерди жана программалык документтерди жетекчиликке алып, чет мамлекеттер, эл аралык жана региондук экономикалык жана финансылык уюмдар жана институттар менен ар тараптуу жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык байланыштарды түзөт.

Финансы-экономикалык чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги артыкчылыгы болуп төмөндөгүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү саналат:

- дүйнө экономикасынын учурдагы тенденцияларын эске алып, инвестициялык жана индустриялык-инновациялык өнүгүү аркылуу улуттук экономиканы модернизациялоо;

- өнөр жайды, айыл чарбаны, сооданы жана логистиканы өнүктүрүү боюнча өлкөнүн потенциалын ишке ашыруу;

- тышкы сооданы андан ары либералдаштырууга, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жана ата мекендик продукциянын дүйнө рынокторуна эркин киришин жогорулатууга, анын ичинде Дүйнөлүк соода уюмуна, Евразиялык экономикалык бирлигине мүчөлүгүн жана Европалык Союздун алкагында Жеңилдиктердин жалпы системасын (ЖЖС+) пайдалануучунун статусун колдонуу аркылуу көмөк көрсөтүү;

- улуттук экономикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аларды коргоо;

- финансылык секторду чет өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбасынын негизинде өнүктүрүү;

- региондук жана эл аралык транспорттук жана маалыматтык-коммуникациялык тармактарга интеграциялануу;

- өлкөнүн транспорттук-транзиттик потенциалын ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасында логистикалык-транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;

- энергоресурстарды жеткирүүнү диверсификациялоо, энергиянын кайра жандануучу булактарын өнүктүрүү жана "САSА 1000" долбоорун илгерилетүү жолу аркылуу энергетикалык коопсуздукту жана көз карандысыздыкты камсыздоо;

- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жашыл экономиканы өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын калкын таза суу менен камсыздоого багытталган "Таза суу" программасын илгерилетүү;

- "Таза коом" программасын ишке ашыруу үчүн заманбап маалыматтык-коммуникациялык, инновациялык жана санариптик технологияларды тартуу;

- Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын ишке ашыруу, туризмди популяризациялоо жана чет өлкөлүк туристтерди тартуу;

- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү жана башка өлкөлөр менен ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу региондор аралык байланыштарды илгерилетүү.

Дүйнөлүк соода уюмунун, Евразиялык экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекети, эркин соода боюнча эл аралык келишимдердин катышуучусу катары Кыргыз Республикасы соода-экономикалык кызыкчылыктарды илгерилетүү боюнча жигердүү саясат жүргүзөт, ошондой эле толук форматтуу өз ара аракеттенүүнүн түрлөрүн жана механизмдерин жакшыртууну жактайт.

Кыргыз Республикасы өзүнүн жаратылыш байлыктарына жана ресурстарына болгон өзүнүн эгемендүү укугун пайдаланат. Аларды сарамжалдуу өздөштүрүү, пайдалануу жана сактоо азыркы жана келечек муундардын бакубатчылыгы, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо максатында ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасы ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөнү, интеграцияны илгерилетүүнү жана Борбордук Азия регионунда адамдардын, капиталдын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жүрүүсү үчүн шарттарды камсыздоону жактайт.

Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жеңилдетүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү үчүн экологиялык коопсуздукту камсыздоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана жагымдуу айлана-чөйрөнү сактоо максатында чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну ишке ашырат. Өлкөнүн экологиялык коопсуздугуна суу ресурстары түзүлүүчү чөлкөмдөрдү сактоо, өзүнүн аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын көйгөйлөрүн чечүү, өзгөчө кырдаалдарды, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алуу жана жоюу дагы кирет.

Өлкөнүн суу-энергетикалык коопсуздугун камсыздоо тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык дипломатиясы диалогду илгерилетүүгө, эл аралык-укуктук базаны түзүүгө жана региондогу суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү жана сарамжалдуу пайдалануунун өз ара пайдалуу экономикалык механизмин иштеп чыгууга багытталат.

Өлкөнү ырааттуу өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына ылайык элдин жашоо деңгээлин жана бакубаттуулугун жогорулатуу, экономикалык өсүштү камсыздоо, инновациялоо жана инфратүзүмдү модернизациялоо боюнча эл аралык долбоорлорго жигердүү катышат.

Маданий-гуманитардык чөйрөдө

Маданий-гуманитардык кызматташуу саясий жана экономикалык мамилелер менен катар инсандын жана коомдун эркин өнүгүүсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусу үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болуучу Кыргыз Республикасынын тышкы саясий артыкчылыктарынын системасынын курамдык бөлүгүнүн бири болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасы маданий, билим берүү, илимий жана кадрдык потенциалды, саламаттык сактоо системасын бекемдөө, медициналык тейлөө кызматтарынын сапатын жакшыртуу, ошондой эле жогорку технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн эл аралык кызматташтыкты толук деңгээлде пайдаланууга умтулат.

Кыргыз элинин этномаданий өзүнчөлүгү мамлекеттин маданий ар түрдүүлүгү жана демократиялык негиздери менен катар Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын көрсөтүүнүн жана эл аралык аренада өлкөнүн оң имиджин түзүүнүн булагы болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуусунун негизги артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- адам ресурстарын жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү максатында натыйжалуу билим берүү системасын өнүктүрүүгө жардам берүү;

- эмгек жана чет мамлекеттерде билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү рынокторуна чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө билим алуусуна жана ата мекендик дипломдордун эл аралык деңгээлдерде таанылышына көмөк көрсөтүү;

- байыркы элдерден болуп саналган кыргыз элинин тарыхый-маданий жана руханий мурасын сактоо жана эл аралык деңгээлде жайылтуу үчүн, ошондой эле дүйнөлүк маданияттын жетишкендиктери менен байытуу үчүн шарттарды түзүү;

- билим берүү, илим, маданият, искусство, спорт жаатында жигердүү эл аралык өз ара аракеттенүүнү илгерилетүү жана бул чөйрөлөрдө тыгыз байланыштарды жана тажрыйба алмашууларды түзүүгө көмөк көрсөтүү.

Маданият, улуттар жана диндер аралык диалогду өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасы эл аралык аренада демилгелерди илгерилетүү конференцияларды жана форумдарды өткөрүү жолу менен тынчтыкты жана прогрессти бекемдөөгө өзүнүн салымын кошот.

Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү болуу менен, дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданиятын, өзүнчөлүгүн жана жашоо салттарын кайрадан жандандырууга жана сактоого өзүнүн салымын кошууну улантат.

Кыргыз Республикасынын улуттук бренддерин чет өлкөлөрдө жигердүү илгерилетүү дүйнөлүк аренада өлкөнүн жагымдуулугуна жана таанылуусуна жана чет өлкөлүк туристтерди тартууга өбөлгө болот.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп, евразиялык континентте өлкөнү региондук билим берүү борбору катары көрсөтүү эсептелет.

Маданий, этникалык жана тилдик өзүнчөлүгүн жана алардын тарыхый мекени менен байланышын сактоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө жигердүү салым кошуусу максатында чет өлкөлөрдөгү диаспораларды бириктирүү үчүн чет өлкөлөрдөгү кыргыздарга жана мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү.

5. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын түзүү жана ишке ашыруу маселелери

Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт, өлкөнүн тышкы саясатын жалпы жетектөөнү ишке ашырат жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасын көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тышкы саясий курстун мыйзамдык негизин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоону камсыздайт жана парламенттер аралык кызматташууну жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн тышкы саясатын ишке ашырат жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин жетектейт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын ишке ашырууну жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы жана негизги багыттары боюнча сунуштарды киргизет.

Өлкөнүн бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тышкы саясий чечимдерди иштеп чыгууда, кабыл алууда жана ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн ишке ашырат, дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү системасын жетектейт.

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин борбордук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эл аралык кызматташтыкты, анын ичинде расмий сапарларды, чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды, расмий сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүүнү аларга берилген ыйгарым укуктардын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен алдын ала макулдашуу боюнча ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий маселелери боюнча расмий билдирүүлөр менен Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри чыгат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитетинин төрагасы парламенттер аралык кызматташтык маселелери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча расмий билдирүүлөр менен чыгат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары тышкы саясатты ишке ашыруунун өзүнчө маселелерине тиешелүү расмий билдирүүлөр менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылган позицияларга ылайык чыга алышат.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тиешелүү маселелер боюнча расмий маалымат буга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча жайылтылат.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрү өздөрүнүн ишин улуттук мыйзамдарды, ушул Концепцияны, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алуу менен ишке ашырат.

Ведомстволук билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү маанилүү болуп эсептелет.

Ушул Концепция ички жана тышкы шарттардын өзгөрүүсүнө жараша актуалдаштырылууга жана кайра каралып чыгууга тийиш.