Чет өлкөлүк кабарчыларды аккредиттөө

Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын корреспонденттерин аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик корреспонденттердин аккредитацияланышы Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Журналисттин кесиптик ишкердүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын корреспонденттерин аккредитациялоо жөнүндө" Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

2000-жылдын 9-апрелиндеги №215 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын корреспонденттерин аккредитациялоо жөнүндө" Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасында чет элдик массалык маалымат каражаттарынын корреспонденттик пункттун ачылышы жөнүндө, чет элдик корреспонденттердин туруктуу же убактылуу аккредитацияланышы жөнүндө кайрылуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. массалык маалымат каражатынын расмий бланкында ошол массалык маалымат каражатынын жетекчисинин колу коюлган кат же Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өкүлчүлүктүн дипломатиялык нотасы (жиберилген корреспонденттердин, техникалык кызматкерлердин аты-жөнү, аккредитациянын мөөнөтү жана максаты); 
  2. көрсөтүлгөн массалык маалымат каражаты жөнүндө маалымат;
  3. электрондук даректи көрсөтүү менен өмүрбаяны жана резюме;
  4. паспорттун көчүрмөсү;
  5. 3х4 өлчөмүндөгү түстүү, JPG форматтагы сүрөт (электрондук түрдө);
  6. Чет өлкөлүк кабарчыларды аккредиттөө анкетасын толтуруу Анкета.

КРнын ТИМне караштуу чет элдик корреспондентти туруктуу аккредитациялоо жөнүндө чечим тийиштүү кат түрүндөгү кайрылууну алган күндөн тартып эки айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде кабыл алынат. 

Туруктуу аккредитациянын жарактуу мөөнөтү - 2 жылга чейин.

КРнын ТИМне караштуу чет элдик корреспондентти убактылуу аккредитациялоо жөнүндө чечим тийиштүү кат түрүндөгү кайрылууну алган күндөн тартып 15 күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде кабыл алынат. Убактылуу аккредитациянын жарактуу мөөнөтү - 3 айга чейин.

Документтердин толук пакети электрондук түрдө press@mfa.gov.kg электрондук дарегине “Аккредитация” темасы менен жөнөтүлүшү керек.